Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

ИИМ ала качуунун жазасын күчөтүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексине кыз алуу качууга жазаны күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган долбоордо Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 300 миң сомго чейин айыппул салуу каралууда.

ИИМ ала качуу өнөкөтү азыр да курч маселе бойдон калып, буга чейинки көрүлгөн чаралар абалды оңдоого жетишсиз болуп жатканын билдирген.

Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз келип түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучу карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга кесилген.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Бул окуя кыргыз коомундагы кыз ала качуу көрүнүшүнө көңүл бурдуруп, мындай жорукка жазаны күчөтүү талабы коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG