Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Британ ички иштер министри Орусияны “Новичок” үчүн кайрадан айыптады


Сажид Жавид.
Сажид Жавид.

Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид бүгүн парламентте өлкөдө дагы эки адамдын химиялык заттан ууланышы боюнча маалымат берди:

- Химиялык куралды кайсыл жерде болбосун колдонуу варварчылык жана адамкерчиликсиздик. "4-мартта Солсбериде болгон окуя үчүн Орусия жоопкер" дегенден башка альтернативалуу түшүндүрмө жок. Биз Орусиянын мамлекеттик медиасынын акыркы окуя боюнча түшүндүрмөлөрүн көрдүк. Солсберидеги кол салуудан кийин күбө болгонубуздай эле биз Кремлдин мындан аркы дезинформациясын да күтсөк болот.

Британ ички иштер министри Сажид Жавид бул сөздөрдү Эймсбери шаарчасында эки адам да орусиялык мурдагы тыңчы менен анын кызына кол салууда колдонулган “Новичок” химиялык затынан ууланганы анык болгондон кийин айтты.

Полиция Солсбери шаарынын 11 чакырым аралыктагы Эймсбери шаарчасында эс-учун жоготкон эки киши: жаш курагы 40тардагы аял менен эркек 30-июнда табылганын 4-июлда жарыялаган.

Бирок британ тарап бул жолу эки адамдын ууланышы максаттуу кол салуу болбогонун билдирүүдө.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков соңку уулануу фактысына орусия тарап да “камтама” болуп жатканын, ал эми Солсберидеги окуя боюнча Британия Орусияны “курулай” айыптагандан башка “ишенимдүү” далилдерди бере албаганын белгиледи.

Солсбериде быйыл март айында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган.

Расмий Лондон алар СССРде жасалган "Новичок" деген химиялык зат менен ууландырылганын айтып, "кол салууну Москва уюштурду" деп ырастап келатат. Буга жооп чара катары Британия өзү Орусиянын 20га жакын, АКШ 60, калган Батыш өлкөлөрү да бир нече дипломатын чыгарган.

Орусия болсо Британиянын дооматтарын четке кагып, жооп катары Батыш өлкөлөрүнүн бир топ дипломаттарын өз аймагынан чыгарып жиберген.

Уулангандан кийин комага түшкөн Скрипалдар ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. Алардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, жакында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укугу кеңейтилишине жетишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG