Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Конгантиевге козголгон иш сотко жетпей жабылды


Молдомуса Конгантиев. 2009-жылы тартылган сүрөт.
Молдомуса Конгантиев. 2009-жылы тартылган сүрөт.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, быйыл Коопсуздук кеңешинде мурда ачылып, бирок тергелип бүтө элек иштердин баарын иретке келтирүү талабы коюлгандан кийин Конгантиевдин убактылуу токтотулган иши кайра карала баштады.

Натыйжада тергөө жүргүзүп жаткан УКМК адвокаттын “Конгантиевге карата коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген өтүнүчүн канааттандырып, 18-июнда иш жабылды.

Кылмыш ишин Башкы прокуратура 2010-жылы козгоп, "Конгантиев ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деп айып таккан. Бирок ал ошол күнү өзү катуу таяк жеп, ден соолугуна залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтотулуп турган.

Конгантиев 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөнүн коомдук турмушуна дээрлик катышпай калган.

Ошондон бери кыргызстандыктар аны алгачкы жолу калың эл алдында былтыр, президент Сооронбай Жээнбековдун жанынан ал мамлекет башчылыкка талапкер катары Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндө көрүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG