Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

ЖМК: Сергей Скрипалды ууландырууга эки адам шектелүүдө


Юлия Скрипаль жана атасы Сергей Скрипаль.
Юлия Скрипаль жана атасы Сергей Скрипаль.

Улуу Британиянын полициясы Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына эки адамдын катышы болгон деп эсептейт. "Sun" гезитинин Лондон полициясындагы булактарына шилтеме жасап жазганы боюнча, шектүүлөр уулануу окуясынан кийин бир сутканын ичинде өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр алар Орусияда болушу мүмкүн. Басылманын булактары шектүүлөрдүн атын атаган эмес, бирок алар “Орусия менен байланышы бар адамдар” экенин жана аларга каршы кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Апрель айында британиялык басма сөз каражаттары Скрипалды Орусиянын коопсуздук кызматынын мурунку офицери, “Гордон” каймана аты бар 54 жаштагы адам ууландырганын кабарлаган. Мындан тышкары ал “Михаил Савицкис» деген ат менен да жүрөрү айтылган. Лондон Скрипалдын ууландырылышына алты адамдан турган топ катышкан болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Расмий Лондон мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызын 4-мартта ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген зат колдонулганын билдирип, бул үчүн Орусияны айыптаган. Москва болсо Лондондун дооматтарын утур-утур четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG