Каракол автобекетинин абалына нааразы болгондордун арасында ушул жерде көп жылдан бери иштеген кассир Керимкан Черикова да бар:
- Автобекетибиз үчүн аябай жаныбыз кейип жатат. Бюджеттен акча бөлүнбөйт. Ушу көлдүн жүзү болуп турган автобекетти көрүп алып жөн эле ичиң ооруйт да. Мен көп жыл иштегеним үчүнбү, абалын көрүп ичим ачышат.
Кичи автобустун айдоочусу Эмил Адрешов "автобекетте тартип жок, жүргүнчү ташыган автоунаалар чаржайыт, көбүнчө жеке фирмалар эле оокат кылып, мамлекеттик жүргүнчү ташуучулар четте калды",- деди:
- Бул жердин көйгөйү өтө чоң. Мамлекеттин, өкмөттүн жайын чаржайыт кылып коюшту. Себеби, жеке жүргүнчү ташуучулар автобекеттин алдында турушат. Бизди болсо мына бул ичине алып келип токол аялдын балдарындай кылып, киргизип коюшту. Эч кандай аракет жок. Өкмөт салыгын алат, бирок бизди карабайт. Баарын жеке менчик кылып ачып алышкан. Биз өкмөт үчүн иштеп, салыгын төлөп жаткандан кийин жумушту да уюштуруп берсин.
Кызматкерлердин кайрылуусунун негизинде автобекеттин абалын шаардык кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Алардын бири Азамат Айтбаев буларды айтты:
- Чындыгында биз өткөндө келип, көрүп чыктык. Күтүү залынан үстүнөн суу тамчылап агат экен. Бул автобекетке келгенде совет доорундагы бир жерге келгендей эле болосуң. Анткени совет доорунда кандай жасалган болсо, ошол бойдон турат. Бул жерде мына "Касса" деген жери да совет доорунда жазылган бойдон калыптыр. Ошол себептен мен депутат катары өйдө жактагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элем, ошол эле транспорт министрине, премьер-министрге - же бул автобекеттин жетекчисин алмаштырабы, же өздөрү көзөмөлгө алып оңдоп беришеби, бул жакты караш керек.
Депутат Айтбаевдин айтымында, быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына байланыштуу Каракол шаарына бөлүнө турган каражаттын бир бөлүгү ушул автобекетти оңдоп-түзөөгө бөлүнмөкчү.
Транспорт жана жолдор министрлиги да "автобекет аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында жакшыртылат" деп жатыптыр. Бирок конкреттүү кандай аракеттер болуп жаткандыгы беймаалым.
Ал эми автобекеттин аргасыз абалга кирептер болушун министрликтин өкүлү Кылычбек Досумбетов мурдагы жетекчинин ишмердиги менен байланыштырды:
- Ал жерге жакынкы арада эле жаңы жетекчи коюлуптур, мурдагы жетекчи жумуштан кетиптир. Анткени ал таксисттер менен сүйлөшүп алып, автобекеттин айланасындагы аянттарды таксисттерге андан ары ижарага берип, акчаны өзү алып кассага кириштебей коюптур. Ошондуктан ал кишини жумуштан алышкан. Автобекет каралбай калыптыр да, мурдагы жетекчи акчаны ремонтко пайдаланбай, башка иштерди кылып жүргөн экен.
Автобекеттин жаңы жетекчиси Догдурбек Сулаев өзү кызматка киришкен акыркы бир жарым ай үчүн жооп берди:
- Мына, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, ремонт жүрүп атат. Азыр аба ырайы катаал болуп, эки күндө бир жаан жаап жатканына байланыштуу сырттагы актоо-сырдоо иштерин жүргүзө албай калдык. Ал эми айлана-тегеректи тазалап, жыйнап туруу базар менен вокзалдын абалы бирдей болуп турат экен. Келген-кеткен киши көп. "Эмне жүрөсүң?" дей албайбыз.
Жетекчиликтин маалыматына караганда жогоруда белгиленген автобекеттин 7 миллион сом бюджеттик каражатынын 65-70 пайызы маянага, калгандары салыкка жана Мамлекеттик мүлк фондуна төлөнөт.
Каракол автобекети Транспорт жана жол министрлигинин “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына карайт. Адистер бул автобекетти толук реконструкциялоо үчүн 40 миллион сомго жакын каражат талап кылынарын айтып жатышат.
Каракол автобекети 1988-жылы пайдаланууга берилген. Эки гектардай аянтты ээлеп турат. Бул автобекеттен жүргүнчүлөр өлкө боюнча жетимиштен ашык каттам аркылуу каттайт. Ал эми жайкы туристтик маалда Алматы-Каракол автомаршруту да каттай баштайт.