Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

Бурулайдын жакындары анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда


Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.
Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.

Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумация кылууну талап кылууда. Маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев "Азаттыкка" мындай кадамды экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, эксперттер Бурулайдын денесиндеги жазууну аныктабай койгон.

- Алар көкүрөгүндөгү жазуу "жок" деген тыянак чыгарып коюшуптур. Жазуу болгон эмес деп атпайбы. Мен кызымдын сөөгү келгенде сүрөткө тартып алгам да. Н+Б деп жазылган, астына крест коюлган.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө жазуу болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталышы ички иштер органына карата элдин сынын күчөттү.

Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды.

XS
SM
MD
LG