Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

БУУ: дүйнөдө апийим жана кокаин өндүрүү “рекорддук чекке” жетти


Ооганстандын Нангархар провинциясында талаадагы апийимди жок кылуу аракети. 10-апрель, 2018-жыл.
Ооганстандын Нангархар провинциясында талаадагы апийимди жок кылуу аракети. 10-апрель, 2018-жыл.

Муну Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жаңы иликтөөсү көргөздү. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин жаңы баяндамасы 26-июнда жарыяланды.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөдө азыр жыл сайын баңгизатты кеминде бир жолу колдонгондор саны 275 миллиондун тегерегинде. Бул 15-64 курактагы дүйнө калкынын болжол менен 5,6% түзөт.

Ал эми 2016-2017-жылдардын аралыгында дүйнөдө апийим өндүрүшү 65% жогорулап, 10500 тоннага жеткен.

Бул Улуттар Уюмунун кеңсеси баңгизаттардын өндүрүлүшүнө ушул кылымдын башынан тартып мониторинг жүргүзө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч.

2017-жылы Ооганстандын өзүндө 9000 тонна апийим өндүрүлүп, көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 87% өскөн.

Кокаин өндүрүшү да 2016-жылы 1410 тоннага жетип, рекорддук чекти багындырган. 2015-2016-жылдары өндүрүш көлөмү 25%га жогорулаган.(UE)

XS
SM
MD
LG