Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

Өзбекстан: Билим министрлигинде бардык жетекчилер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 25-июнда башкармалыктардын жана борбордук аппарат бөлүмдөрүнүн бардык башчыларын жумуштан бошотту.

Жергиликтүү басылмалар бул чечим президент Шавкат Мирзиёевдин министрликтеги кадрдык курамды жаңыртуу тапшырмасынын негизинде кабыл алынганын жазышты.

Кызматкерлер менен жолугушуу учурунда Шерзод Шерматов министрликтин иши мындан ары үч негизги принципке – сапатка, калыстыкка жана айкындуулукка негизделерин белгиледи.

Быйыл 20-июнда 2013-жылдан бери элдик билим берүү министри болуп иштеген Улугбек Иноятов кызматтан алынган. Анын ордуна министрдин инновациялык өнүгүү боюнча орун басары Шерзод Шерматов дайындалган. Мындан тышкары министрдин бардык орун басарлары бошотулган.

21-июндагы видеоселектордук жыйында премьер-министр Абдулла Арипов облус, шаар жана район башчыларына кайрылып, мектеп директорлорун ар кыл иш-чараларга чакырууга тыюу салган. Мындан ары мектептер түзмө-түз Элдик билим берүү министрлигине баш ийишет.

XS
SM
MD
LG