Кыргызстандагы жаш программисттердин демилгеси менен “Манас” эпосу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Бул тууралуу демилгечилердин бири, “Нарк” долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов “Азаттыкка” билдирди.
Тиркеме үч эпизоддон турат. Алар: “Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат" жана "Тайторунун чабылышы". Анда эпостогу каармандар, алардын образы, миссиясы, орду тууралуу да маалыматтар камтылган.