Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:50

Сот Айбек Калиевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Бүгүн Бишкек шаардык соту “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганга чейин абакта калтырууну чечти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын ден соолугу начарлаганын, абакта өнөкөт оорулары козголгонун белгилеп, бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында отурат.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG