Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Улуттук тарых музейиндеги мумияны көмүү тууралуу мекеме аралык макулдашуу баракчасына коюлган кол аныкы эмес экенин “Азаттыкка” билдирди. Ал мумия ишине аралашпаганын да кошумчалады.
1970-жылдардан бери Бишкектеги Улуттук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге 14-октябрь күнү көмүлгөн. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги Улуттук тарых музейине алып келинген. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.
Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан.
Буга байланыштуу "мекеме аралык макулдашуу" деген баракчага 9 мекеменин жетекчилери кол койгон. Анын ичинде мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун, мурдагы ички иштер министри Улан Исраиловдун, финансы министри Адылбек Кысымалиевдин жана Экотехинспекциянын, Фитосанитардык инспекциянын жетекчилеринин колу бар экени кабарланган.
Буга чейин парламенттик комиссия Улуттук тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге көмүлгөн мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунуш киргизген. (КЕ/UEz)