Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Баткенде как чыгаруучу завод ачылды


Кайра иштетүүчү заводдун жумушчулары өрүктү таңгактоого даярдап жатышат.
Кайра иштетүүчү заводдун жумушчулары өрүктү таңгактоого даярдап жатышат.

Кыргыз-тажик биргелешкен “Алтын Аймак” ишканасы Баткен облусунун Кара-Бак айылында мөмө-жемиштен как чыгаруучу жаңы завод ачты. Бул тууралуу маалымат ушул ишканадан алынды.

Чакан заводдо өрүк, кайналы (кара өрүк), алма, жаңгак жана башка жемиштер кургатылып, даярдалат. Өндүрүш Кыргызстандын түштүгүн ушул азыктар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Цехте 35 киши туруктуу иш менен камсыз болот.

Мөмө-жемишти жууп, тандап, бөлүштүрүүчү жабдыктарды, күн кубаты менен кургатуучу шаймандарды сатып алууга АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) каржылык колдоо көрсөткөн.

Эл аралык уюм “USAID Agro Horizon” төрт жылдык долбоорунун алкагында Кыргызстандын төрт облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош) кыргыз өндүрүүчүлөрүнө жардамдашып келет. Мекеме жергиликтүү 45 ишкана менен кызматташып, 30 миллион долларга чейин каржылык жардам берген.

Буга чейин жемиш кактары Тажикстанга жеткирилип, андан соң Орусия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспорттолуп келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG