Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Бурулайдын өлүмүнө шектүү абакка камалды


Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү. Анын тажиясында тартылып алынган.
Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү. Анын тажиясында тартылып алынган.

Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев соттун чечими менен эки айга абакка камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими буга чейин чыккан. Бөдөшев алган жараатына байланыштуу ооруканада жаткандыктан ал бейтапканада кайтарылып турган.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Президент Сооронбай Жээнбеков бул окуяны иликтеп чыгууну тапшырган.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG