Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

20-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Адыгине тоосунун боорундагы гүл. Июнь, 2018.
Адыгине тоосунун боорундагы гүл. Июнь, 2018.

20-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 18…20, күндүз 26…28 градус болот.

XS
SM
MD
LG