Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:29

Ооганстанда талибдер ок атышпоо келишимин узартууну каалаган жок


Ооганстандагы талибдер.
Ооганстандагы талибдер.

“Талибандын” согушкерлери ооган өкмөтүнүн ок атышпоо режиминин мөөнөтүн узартуу сунушунан баш тартышты. Бул тууралуу “Франс Пресс” маалымат агенттиги талибдердин өкүлү Забихулла Моджахеддин сөзүнө таянуу менен кабарлады.

Моджахеддин айтымында, атышууну токтотуу режими жекшембинин кечинде бүттү жана операциялар кайрадан жандана баштайт.

Ооган президенти Ашраф Гани 7-июндагы видеокайрылуусунда, "Талибан" менен ок атышуу орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү токтотуларын билдирген. Талибдер үч күнгө, 15-июндан 17-июнга чейин элдешүүгө макул болушкан. Президент Ашраф Гани ок атышпоо режими узартылганын билдирген.

Жекшемби күнү Нангархар провинциясында губернатордун кеңсесинен алыс эмес жерде жардыруу болуп, кеминде 18 адам өлдү. Нангархар шаарынын өзүндө 16-июндагы жанкечтинин жардыруусунан 36 адам каза тапты. (ErN)

XS
SM
MD
LG