Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Греция өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси каралууда


Афины. "Македония Грецияныкы" деген транспарантты кармап турган демонстранттар. 15-июнь, 2018-жыл.
Афины. "Македония Грецияныкы" деген транспарантты кармап турган демонстранттар. 15-июнь, 2018-жыл.

Грециялык мыйзам чыгаруучулар өкмөткө ишеним көргөзбөө тууралуу сунушту талкуулап жатышат. Оппозициялык негизги партия кошуна Македониянын аталышы боюнча келишимди сынга алууда.

Премьер-министр Алексис Ципрастын өкмөтү 12-июнда Македониянын премьер-министри Зоран Заев менен "Түндүк Македония жумурияты" деген вариантка токтошкон. Келишимге ылайык, тили "македон", эли болсо "македон" же "Түндүк Македония жумуриятынын жарандары" деп аталмакчы. Скопье жана Афины 27 жылдан бери уланып келаткан талашты жөнгө салуу максатындагы өз ара сүйлөшүүлөрүн акыркы айларда тездетишкен.

1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Жумурияты" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан, Афины ал аталышка каршы болуп келатат.

Жаңы келишимди эки өлкөнүн парламенттери ратификациялашы керек. Македонияда болсо референдум өткөрүлөт. Бирок эмитен эле макулдашуу сынга кабылып, эки өлкөдө тең демонстрациялар башталды. Заев менен Ципрас болсо өз өлкөлөрүндө “улуттук капитуляция “үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG