Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Мьянмада абактагы журналисттер кыйноого кабылганын айтышты


Бангладешке баш калка издеп качып чыккан рохинжа мусулмандары. 29-апрель, 2018-жыл.
Бангладешке баш калка издеп качып чыккан рохинжа мусулмандары. 29-апрель, 2018-жыл.

Мьянманын абагында отурган "Рейтер" агенттигинин эки журналисти кыйноого жана психологиялык басымга кабылганын билдирип чыгышты. Журналисттер Ва Лон жана Куа Со О дүйшөмбүдө сүйлөп калууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар кармалгандан кийин абактын өкүлдөрү үч күн бою уйку бербей, эки саат сайын суракка алышканын, "Тыңчы эмессиңерби?" деп басым көрсөтүшкөнүн, сурак маалында үч саат бою чөгөлөтүп отургузуп коюшканын айтышты. Буга Мьянманын бийлиги жооп кайтара элек.

Эки журналист "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп айыпталууда. Алардын күнөөсү далилденсе, 14 жылга чейин түрмөгө кесилип кетиши ыктымал.

Журналисттер кармалган учурда рохинжа мусулмандарынын аскерлердин колунан өлтүрүлүшүн иликтеп жүрүшкөн эле.

Өткөн жылдын августунда башталган куралдуу кагылышуудан кийин Мьянмадан 650 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке өтө качкан. Ал кандуу окуяны Улуттар Уюмунун өкүлү "улутка кыргын салуу" деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Мьянманын бийлиги бул боюнча дооматтарды четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG