Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин маалыматы боюнча, 2019- жылдын 14-15-июнунда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммити Бишкекте өтөт. Ага чейин Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен жүргөн учурда бул өлкөнүн лидерин Кыргызстанга чакырган.

Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында Бишкекте министрлер менен тармактык мекемелердин башчыларынын катышуусунда бир катар жолугушуулар өткөнү турат.

2018-2019-жылдары ШКУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. Буга чейинки саммит Бишкекте 2013-жылы өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG