Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Кыргызстандыктар 15-июнда эс алышат


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

15-июнь Орозо айт деп белгиленгендиктен кыргызстандыктар бул күнү эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын Орозо айт майрамы жумуш эмес, майрам күнү болуп саналат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда Орозо айт майрамын 15-июнда белгилөө тууралуу чечим кабыл алынганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG