Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Малала кыздардын билим алуусуна 3 млрд. доллар бөлүнгөнүн колдоду


Нобел сыйлыгынын лауреаты пакистандык Малала Юсуфзай
Нобел сыйлыгынын лауреаты пакистандык Малала Юсуфзай

Нобел сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай аялуу катмардагы аялдардын жана кыздардын билим алуусуна 3 млрд. АКШ долларын бөлүп берүү тууралуу “Чоң жетинин” чечимин жогору баалады.

20 жаштагы лауреаттын айтымында, бул чечим көп кыздардын келечекке ишенимин бекемдейт.

“Чоң жетинин” саммитине катышкан Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул аракетти “чыр-чатактуу аймактагы аялдар менен кыздардын билим алуусуна салынган эң чоң инвестиция” деп атады.

Канада акчанын 300 миллионун өз казынасынан бөлөт.

Малаланы 2012-жылы мектепке бара жатканда талип согушкери башка аткан.

Твиттер баракчасында Юсуфзай “Чоң жетинин” чечими кыздарга эрте турмушка чыкпай окуп, келечек кесибин тандоо мүмкүнчүлүгүн берерин жазды.

Кыргызстандын айрым аймактарында да жаш кыздарды мектептен кийин турмушка берүү же ала ала качуу адаты бар. Жакында эле 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы аны ала качууга аракет кылган адамдын колунан ажал тапты. Бул жарандык активисттердин нааразылыгын жаратты.

XS
SM
MD
LG