Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Башкы прокуратурага Максим Бакиевдин мүлкүн иликтөө тапшырылды


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Башкы прокуратурага Максим Бакиевдин Улуу Британиядагы мүлкү боюнча маселени териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев билдирди.

Быйыл 1-январдан тартып Улуу Британияда шектүү кыймылсыз мүлктү же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштады.

Анын алкагында кеминде бир саясатчыга Англиядагы 22 миллион фунт стерлингдик турак жайын кайсы акчага сатып алганын түшүндүрүү талабы коюлду.

“Азаттык” жакында "мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт" деген Лондондун четиндеги “хансарайдын” таржымалын иликтеп чыккан.

XS
SM
MD
LG