Жер ортолук деңизинде эки кайык чөгүп, 60ка жакын кишинин өмүрү кыйылды.
Кайыктардын бири 3-июнда Анталиянын Демре шаарына жакын жердеги жээкте оодарылып кеткенин Түркиянын расмий өкүлдөрү билдиришти. 20 киши түшкөн кайыктагы тогуз киши каза тапкан, анын алтоо балдар.
Ошол эле күнү Тунистин түштүк жээгинде ар кайсы мамлекеттин 180дей жараны түшкөн дагы бир кайык чөгүп кеткени кабарланды. Андан кеминде 47 киши каза таап, 68и куткарылган. Мигранттарды ташып бараткан бул кайык балык уулоого гана ылайыкташканы айтылууда.
Жыл сайын миңдеген мигранттар ортомчулардын жардамы менен Жер ортолук деңизинен өтүп, Европа мамлекеттерине жетүүгө аракет кылышат. Көбүнесе алардын кайыктары ачык деңиздин шарттарына төп келбей, жүздөгөн адамдар Европага жетпей калган учурлар буга чейин бир нече ирет болгон.