Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Данияда коомдук жайларда никаб жана бурка кийүүгө тыюу салынды


Никаб кийип жүргөн аял. Копенгаген, 31-май, 2018-жыл
Никаб кийип жүргөн аял. Копенгаген, 31-май, 2018-жыл

Дания парламенти коомдук жайларда адамдын жүзүн жапкан кийимдерди, анын ичинде паранжынын түрлөрү саналган никаб жана бурканы кийүүгө тыюу салды. 1-августтан тарта күчүнө кире турган бул мыйзамды бузгандар 160 доллардай айыпка жыгылат.

Талапты экинчи ирет бузгандарга айыппул 10 эсе жогорулашы мүмкүн. Мыйзам бардыгына - Даниянын жашоочуларына жана өлкөгө келген туристтерге да тиешелүү.

«Amnesty International» уюму мусулман аялдардын укуктарын бузат деп, мыйзам долбоорун сынга алды.

Даниялык «The Local» гезитинин жазышынча, полиция жүзүн жаап жүргөндөрдүн кийимин зордоп чечтирбейт. Аларды үйүнө кетүүнү эскертет. Ал эми үйү алыс кыз-келиндер полиция бөлүмүнө жеткирилет. Ал жерден туугандары алып кетет.

Аталган басылма мыйзам жүзүн толук жаап жүргөн өлкөдөгү 150-200 мусулман кыз-келинге тиешелүү болорун билдирүүдө.

Бурка же паранжы кийип жургөн аял.
Бурка же паранжы кийип жургөн аял.

Ошол эле кезде өкмөт жаңы мыйзам хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салбай турганын маалымдады.

Буга чейин Австрия, Бельгия, Франция, ошондой эле Швейцариянын, Испаниянын жана Канаданын айрым аймактары жүздү жапкан кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG