Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

АКШнын Финансы министрлиги Иранга каршы жаңы санкцияларын киргизди


Финансы министрлигинин имараты. АКШ
Финансы министрлигинин имараты. АКШ

Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги ирандык үч уюмга жана алты жаранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Санкция өкмөтчүл "Ансар-э Хезболла" тобуна, Тегерандагы "Эвин" түрмөсүнө жана өкмөт колдогон мобилдик тиркемелерди жасоочу "Hanista Programming Group" компаниясына салынган.

Мындан тышкары, “Ансар-э Хезболла" уюмунун үч лидери, цензурага жооптуу эки мамлекеттик кызматкер жана ИРИБ мамлекеттик телеканалынын директору санкциялык тизмеге киргизилген.

АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, бул уюмдар жана кызматкерлер адам укуктарын бузган иштерге барган.

Аталган мекеме Тегеран элге таандык болгон ресурстарды колдонуп, өлкөдө сөз эркиндигин басуу жана цензура үчүн колдонот деп эсептейт.

8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгарын жарыялаган. Ошондой эле ал келишимдин алкагында токтотулган Иранга каршы санкцияларды жандандырарын да айткан.

2015-жылы Иран, АКШ, Кытай, Британия, Германия, Франция, Орусия кол койгон келишимге ылайык Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

АКШдан башка Иран менен келишимге кол койгон өлкөлөр, акыркы кезде, келишимди сактап калуунун жана АКШнын санкцияларын буйтап өтүүнүн жолдорун талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG