Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Энергетика комитети кыргыз-кытай газ кууру боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитети Алайга курула турган кытай газ кууру жөнүндө массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан кабар боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүдө айтылгандай, “Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашуу 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар жана ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан курулат. Долбоор Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-КЭР газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Ал куурдун кубаттуулуугу жылына 30 млрд. куб метрди түзөт, түтүктүн диаметри 1219 мм жана жумуштук басымы 12 mPa көрсөткүчкө жетет. Кыргызстандын аймагында куурдун узундугу 215 чакырымды түзөт.

Комитет белгилегендей, буга жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамынын негизинде берилген жана эч качан чет элдик компаниянын менчигине өткөрүлбөйт. Участкалар 35 жылга убактылуу пайдаланууда турат жана куурлар гана долборду ишке киргизген компаниянын менчиги болуп саналат.

Газ куурлары жердин асты менен кетет жана Алай, Чоң-Алай райондорунун аймагын экиге бөлбөйт. Курулуш аяктагандан кийин долбоордун ээси анын үстүн кайра айдоого же башка максатта пайдаланууга ыңгайлаштырып берет. Газ куурун кайтарууну Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары же жеке менчик уюмдары камсыз кылат. Курулушту ишке ашырууда жумушчулардын 80% Кыргызстандан тартылат.

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков буга чейин “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.

Аз күн мурдараак социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында кыргыз-кытай газ кууру түшө турган жерлер Кытайга сатылып кеткени, аны кийин Кытайдын аскерлери кайтараары жөнүндө кабарлар тараган. (ErN)

XS
SM
MD
LG