Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Башкы прокурор: Зарыл болсо Шадиевдин айыбы сырттан угузулат (видео)


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Аскарбек Шадиевдин айыбы, эгер зарыл болсо, сыртынан угузулат. Бул тууралуу бүгүн парламентте отчет берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун “Шадиев азыр каякта, Кыргызстандабы же сырттабы?” деген суроосуна так жооп болгон жок.

Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Шадиевге байланыштуу козголгон иш тергелип жатканын, ал кишинин катышуусу менен тергөө амалдары азырынча боло электигин айтып, “тергөөгө келе элек” деп гана жооп берди жана Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, ал Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын кошумчалады.

Ал эми башкы прокурор Жамшитов:

- Тергөө органына чакыртылат. Чакыртылбаса сырттан айыбы угузулат. Бөгөт коюу чарасы тандалат. Чечим кабыл алынат. Кылмыш иши жаңы эле козголду, тергөө жүрүп жатат, - деп жооп берди.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган.

Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган.

Мурдагы энергетика министри, экс-биринчи-вице-премьер-министр, азыркы депутат Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG