Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Өзгөндө сел жүрүп, үйлөрдү каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-майда Өзгөн районунун Кызыл-Тоо жана Ак-Жар айыл аймактарында сел жүрүп, жолду каптап, үч үйдүн жертөлөсүнө кирген. Кызыл-Тоо айылынан Ак-Кыя айылына баруучу жолду сел каптап, жол жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү кызматы жолду кечке жуук тазалаган. Ал эми Ак-Жар айыл аймагындагы Какыр айылында үч үйдүн жертөлөсүнө жана короолоруна суу кирген. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Короо-жайды селден кийин тазалоо милдети тургундардын өзүнө жүктөлгөн.

Нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен улам 22-май күнү Ноокат районундагы Төлөс айыл аймагында сел жүрүп, Караван - Төө-Моюн жолун кокту-колоттон агып келген таш аралаш суу каптаган. Жолу жабылган эмес.

Май айында өлкөнүн түштүгүндө көпчүлүк аймактарда эгин талааларын, турак жайды, жолдорду сел каптаган. 19-май күнү Ноокен районунда сел агызып кеткен кишинин сөөгү кийинки күнү табылган.

Лейлекте 13-май күнү сел 250дөй майда жандыкты, отуз баш бодо малды агызып, беш чарбалык көпүрөнү, беш айылда таза суу түтүгүн керектен чыгарган. Ички жолдор жана чарбалык арыктар пайдаланууга жарабай калган. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия селдин зыянын эсептеп, жалпы чыгым 58 млн. сомго жеткенин аныктады.

13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Өзгөндүн Кандава каналынан суу ашып, Коммунист, Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 үйдүн ичин, 82 үйдүн короосун жана 1,3 гектар жер тилкесиндеги эгинди суу каптаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG