Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Салянова: Адилеттүүлүк уттубу же Атамбаевби, аны соттун чечими аныктайт


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянова Жогорку сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, саясий куугунтук жалгыз ушул иш менен чектелбегенин жана куугунтук үч жарым жылдан бери уланып келатканын айтты.

- Кыргызстанда мыйзам боюнча жашоо коркунучтуу болуп калды. Эгерде бирөө-жарымдын пикири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көз карашына туура келбесе, коркунучтуу абал жаралышы мүмкүн эле. Адилеттүүлүк уттубу же Атамбаев уттубу, аны бүгүнкү соттун чечими аныктайт, - деди Салянова акыркы сөзүн сүйлөп жатып.

Соттор чечим чыгаруучу бөлмөгө кирип кетишти.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Соңку соттук процесстен кийин Салянова өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгарарына ишеним артып жатканын билдирген. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG