Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө арыз Башкы прокуратурага жиберилди


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин митинги. 15-август, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин митинги. 15-август, 2017-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышты.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына прокуратурага жиберилген арызынын сүрөтүн жүктөдү. Анда Текебаевдин кылмыш ишиндеги так эмес жактары, жаңы ачылган беш жагдай ачык көрсөтүлгөн. Адвокаттын "Азаттыкка" айтканы боюнча, арызды Башкы прокуратура он күндүн ичинде кароого тийиш:

- Арызды 22-майда бердик, мыйзам боюнча алар он күн ичинде карап, жообун берүүгө тийиш. Башкы прокуратура биздин арызды оң жагына карап, өз корутундусу менен Жогорку сотко кайрылат деген ишеничтебиз.

Адвокаттар Өмүрбек Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө беришкен чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө.

21-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG