Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Кыргызстан былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнө 157 миллион долларга мөмө жана жашылча-жемиш экспорттогон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев кабарлады:

- Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге кирген мамлекеттерге 2017-жылы 156 миллион 987 миң долларлык айыл чарба өндүрүмү экспорттолгон. Анын ичинен Казакстанга 74 миллион, Орусия 82 миллион 504 миң, Беларуска 388 миң долларлык товар экспорттолгон. Бул 2016-жылга карата 40,1 миллион долларга, же 34 пайызга көбөйгөн деген сөз.

Министрдин орун басарынын айтымында, бул көрсөткүч 2018-жылы дагы жогорулайт. ​

Кыргызстан агро өнөр жай өндүрүмүнөн ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт, жашылча, кургатылган жемиштерди жана пахтаны экспорттойт. (KR)

XS
SM
MD
LG