Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-майдан 22-майга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен улам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын “Чыгыш-2” кичи районунда жайгашкан бир үйдүн ичине, төрт үйдүн короосуна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу эки үйдүн жертөлөсүнө, “Достук” көчөсүндөгү эки үйдүн короосуна суу кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык №4 Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу бөлүмүнөн беш куткаруучу, №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн алты куткаруучу тартылган. Алар суу каптаган жерлерди бир сыйра тазалашкан.

Кечээ кечинде Лейлек районунда да сел жүрүп, бир нече үйдү жана ички чарбалык жолду суу каптаган.

Бүгүн, 22-май күнү жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо жана селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG