Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Ошто беш айда 32 адам суицидге барды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында жыл башынан бери 32 адам өз өмүрүнө кол салды.

Шаардык милиция билдиргендей, жан кыюуга 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар аракет кылган, басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Алардын көпчүлүгү аман-эсен куткарылган.

Соңку үч күндүн ичинде суицидге барган үч адамдын экөө каза болгон. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатат.

Күч кызматтары бул багытта дин өкүлдөрүн жана жергиликтүү бийликти алдын алуу иштерин жүргүзүүгө чакырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG