Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Асылбек Жээнбеков: Уурулар жооп берсин (видео)


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) абал үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып ал “Уурулар жооп берсин!” деди:

- Силер, өкмөт, шаштырдыңар. Биз силердин суранычыңырды аткардык. Жогорку Кеңеш келишимдеги бир да тамганы алмаштыра албайт. Ошонун баарын билип туруп “Ооба, биз кылдык эле. Ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын” дегендин ордуна силер өзүңөр баш болуп күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат. Бул туура эмес. Комиссиянын жыйынтыгын колдоп, тергөө органдарына беришибиз керек. Алар өзүлөрү аныктайт. Кытай – биздин жакшынакай коңшубуз, жетекчилери керек болсо бизге жардам берет. Себеби биздин достугубуз шексиз. Шек келтирип жаткандар – Жогорку Кеңеш эмес, комиссия эмес, ошол келишимди даярдап, бизге алып келген адамдар. Кимдин күнөөсү кандай экенин тергөө аныктасын, уурулар жооп берсин!

​Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жооптуу жетекчилер жооп берүүдө.

Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG