Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Иманалиев: ЖЭБ боюнча Исаковдун жоопкерчилигин караш керек (видео)


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо келишимин түзүү боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек. Бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев ушундай пикирин билдирди.

Иманалиев Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн айтып, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент токтомуна Исаковдун жоопкерчилигин кароо маселесин киргизүүнү сунуш кылды.

- Кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдер боюнча өкмөт гана демилге көтөрөт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок, - деди Иманалиев.

Ошондой эле депутат мурдагы премьерди "Кумтөр боюнча экологиялык келишимди түзүү менен мөңгүлөрдү талкалоого жол берген" деп сынга алып, анын бул жагынан да жооптуу экенин эскертти.

Иманалиев “Датка-Кемин”, Кумтөр, Түштүк-Түндүк унаа жол долбоорлору боюнча комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Депутаттын сынына Сапар Исаков жооп кайтарып, анын айтканын четке какты жана “коррупцияга эч качан аралашпаганын" билдирди:

- Биздин жумушубуз - эл аралык өкүлдөр, элчилер менен жолугуу. Ким жолугушууну суранса, аларды кабыл алып, президентке тиешелүү маалымат беребиз. Иманалиев мага “Исаков коррупционер, бүт баарын жасаган” деп доомат артып жатат. Бирок айыптоо үчүн фактылар керек. Мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG