Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

АКШнын элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге көчөт


Иерусалимдеги “АКШнын элчилиги” деген жол белги. 7-май, 2018-жыл.
Иерусалимдеги “АКШнын элчилиги” деген жол белги. 7-май, 2018-жыл.

Бүгүн АКШнын элчилиги Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчөт.
Былтыр 6-декабрда президент Дональд Трамп АКШ Чыгыш Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимди бекиткен.

Мындай чечим АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын пикирлерин, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктарды жаратып, Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.

“Рейтер” агенттиги Иерусалимде “АКШнын элчилиги” деген англис, араб жана иврит тилдериндеги жол белгилер кеминде үч жерге илингенин өткөн аптада кабарлаган.

XS
SM
MD
LG