Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

IT адистери жумушсуз калбайт


Айдана Өмүрбаева.
Айдана Өмүрбаева.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн кесип жана окуу жай тандоо боюнча суроолор көп болгону үчүн өзүм көрүп, билгендердин негизинде блог жазууну эп көрдүм.

Кесип тандоо

Психологияда кесибин сүйгөн адамдар өзүн бактылуу сезери жана чексиз ийгиликтерди жаратары айтылып келет.

Албетте, кесип тандоодо ага-эжелерден, ата-энеден кеңеш сурап коюу ашыктык кылбайт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз гана кабыл алышыңыз керек.

Өзүңүзгө жаккан кесиптин маянасын, 10-20 жылдык келечегин жана ал кесипти аркалагандар азыр кандай жашап жатканын талдап чыгып, жети өлчөп бир кесиш керек. "Элдин баары эле окуп жатпайбы" деген мамиле жарабайт, келечеги кең кесипти тандаңыз.

Минтип айтканымдын себеби - "бир кезде ата-энем мени өзүм каалабаган кесипке окуткан, азыр мен дипломдуу жумушсузмун" деп кейиген замандаштар кездешет.

Эгер сиз да ушундай кырдаалга кабылып, эки анжы болуп турсаңыз, 1-курстун жарым жылында өзүңүзгө жаккан кесипке өтүп кетсеңиз болот. Ошондо төрт-беш жылыңыз текке кетпейт.

Кандай кесип тандасаңыз да ал кесиптин ардактуу ээси болуш үчүн мээнет кылып, убакытты туура пайдаланыңыз.

Университет тандоо

Кесип тандагандан кийин ошол окуу жайды тандоого өтөбүз. "Кайсы университет жакшы?" дегендин ордуна "Мен тандаган кесипти кайсы окуу жай мыкты окутат?" деген суроого алмаштырыңыз. Атайын тизме түзүңүз.

Анан ал университеттерге өзүңүз барып көрүп, мугалимдерге, студенттерине жолугуп, кеңеш сурап, кабыл алуу комиссиясына суроо бериңиз (суроолорду үйдөн жазып алыңыз).

Ар бир окуу жайга баргандан кийин акыл калчап, кылдаттык менен талдаңыз. Акырында өзүңүзгө туура келген үч университетти тандап алып ошолорго ЖРТ баллыңызды бериңиз.

Эгер кайсы кесиптин ээси болом деп башыңыз катып жатса, анда жолдошум экөөбүз IT адиси катары сизди өз чөйрөбүзгө чакырабыз.

Себеби, азыр дүйнө жүзүндө IT адисине болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат жана маянасы да жакшы. ITнин толтура багыттары бар, алардын ичинен азыр популярдуу болуп жаткан "Code" же программалоо тилдери "Java", "Python", "JavaScript" багыттарынын бирин тандап окуп, инженер-программист болсоңуз, мекенибизде жана чет өлкөдө жумушсуз калбайсыз деп ишенебиз.

АКШдагы IT багыттары жана орточо маяналары

Инженер DevОps (DevОps Engineer)
Бир жылдык орточо маянасы - $115,378;

Информациялык технологияны башкаруу (Information Technology Management)
Бир жылдык орточо маянасы - $113,081;

Инженер программист (Software Engineering)
Бир жылдык орточо маянасы - $120,742;

Маалымат коопсуздугу боюнча талдоочу (Information Security Analyst)
Бир жылдык орточо маянасы - $82,600;

Маалымат базасынын администратору (Database Administration)
Бир жылдык орточо маянасы - $84,430;

Видео оюндарды программалоо (Video Game Programming)
Бир жылдык орточо маянасы - $82,151;

Веб-түзүүчү (Web Development)
Бир жылдык орточо маянасы - $78,848;

Компьютердик программалоо (Computer Programming)
Бир жылдык орточо маянасы - $78,624;

Компьютердик системанын талдоочусу (Computer Systems Analyst)
Бир жылдык орточо маянасы - $77,220;

Компьютердик түйүндүк архитектор (Computer Network Architect)
Бир жылдык орточо маянасы - $101,210;

Түйүндүк инженерия (Network Engineering)
Бир жылдык орточо маянасы - $78,389;

Оюн дизайны (Game Design)
Бир жылдык орточо маянасы - $75,065;

Системалык администратор (System Administration)
Бир жылдык орточо маянасы - $72,904;

Түйүндү башкаруу (Network Management)
Бир жылдык орточо маянасы - $68,347;

Тесттен өткөрүүчү же сыноочу инженер (QA Engineer)
Бир жылдык орточо маянасы - $73,658.

Айдана Өмүрбаева, АКШ

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG