Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

Эсеп палатасы КТРКны текшерүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча текшерип жатат. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин төкмө акын, Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев каналдын жетекчиси Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш киргизерин "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Ал мындай кадамын “2017-жылдын аягында сатып алынган көчмө телестанция боюнча, саясий окуялар учурунда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтер үчүн" деп түшүндүргөн.

Буга чейин Илим Карыпбековдун ишин коомдук ишмер Эдил Байсалов, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов да сынга алган.

Ал эми корпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу дооматтарды четке кагып, “кызматтан кетти” деген жаңылыктарды төгүндөгөн.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында заманбап, санариптик телеберүүнүн талаптарына жооп берген жаңы көчмө телестанция 2017-жылы ноябрда ачылган. Карыпбеков техниканын баасы 1 миллион АКШ долларынан ашаарын, каражат өкмөт берген 70 миллион сом ссуданын жана президенттик шайлоодо коммерциялык берүүлөрдөн түшкөн акчанын эсебинен алынганын “Азаттыкка” билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG