Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

ИИМ: Кыргызстанда бир жылда 14 тонна баңгизат алынды


Милициянын подполковниги менен анын шеригинен алынган 13 килограмм героин. 18-апрель, 2018-жыл.
Милициянын подполковниги менен анын шеригинен алынган 13 килограмм героин. 18-апрель, 2018-жыл.

2017-жылы баңгизаттарга каршы күрөштүн алкагында 1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, ал операциялар учурунда 14 тонна баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгы “Азаттыкка” билдирди.

Алынган заттын бир тоннадан ашыгыраагын кара куурай (марихуана), 200 килограммын гашиш жана 74 килограммын героин түзөт. Баңгизаттын баары жок кылынган.

Мыйзамсыз баңгизат ташыган топтордун арасында катардагы жарандар, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, укук коргоо, күч органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн да кызматкерлери кармалган.

Алардын ичинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 7 килограммдан ашык героин, Ала-Бука райондук милициясынын башчысынын орун басары 5 килограммга жакын апийим менен колго түшкөн. Ошол эле кезде Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү да баңгизат менен кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда баңгизат менен кармалгандар аларды негизинен Ооганстан жана Тажикстандан ташып келип, аны Орусия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүшөт. Баңгизаттын кайсы бир бөлүгү Кыргызстандын ичинде калат. (ErN)

XS
SM
MD
LG