Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

НАСА кемеси жашоого ылайыктуу планета издейт


TESS кемеси космоско чыгаар алдында. 18-апрель, 2018-жыл.
TESS кемеси космоско чыгаар алдында. 18-апрель, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын космосту изилдеген мекемеси - НАСА жаңы космостук кемесин учурду. Ал Күн системасынан тышкары мейкиндиктен жаңы планеталарды табууну көздөйт.

337 млн. доллар турган TESS аттуу кемени Илон Маск жетектеген "SpaceX" компаниясынын "Фалкон 9" ракетасы шаршембинин түнүндө космоско алып чыкты. Космос кемесиндеги төрт телескоп ааламдагы жүз миңдеген жылдыздарды жана жашоонун белгиси болушу мүмкүн деген планеталарды изилдеп чыгат.

Кийинки жылдары бул ишти "Кепплер" жандооч-телескобу аткарып келген. Бирок аны иштетип турган отун бир нече айдан кийин түгөнөт. Анын үстүнө "Кепплер" бир гана чекитке багытталып, байкоо жүргүзгөн аймагы чектелүү болчу. Ал эми TESS космостук кемеси ай сайын багытын өзгөртүп, Галактиканын басымдуу бөлүгүн картага түшүрө алат.

XS
SM
MD
LG