Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Торалиева: Исаковдун ишин жөнөкөй адамдар жогору баалады


Сапар Исаков жана Гүлнара Торалиева.
Сапар Исаков жана Гүлнара Торалиева.

Сапар Исаковдун ишин жөнөкөй жарандар, жаштар, ишкер чөйрө, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун жигердүү мүчөлөрү колдоду. Бул тууралуу пикирин өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси Гүлнара Торалиева өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Шайлоонү өткөрүүдө, кыргыз-казак чек арасындагы кризис маалында, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкта ал эң мыкта адамдык жана кризис-менеджерлик сапаттарын көрсөтө алды. Ал өзүнүн айланасына прогрессивдүү жаш адистерди топтой алды жана кыска убакыт ичинде “Таза коомдун” алкагында, “Акылдуу шаар” сыяктуу маанилүү демилгелерди көтөрдү" - деп жазды ал.

Гүлнара Торалиева алгач Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн басма сөз кызматын башкарууга барып, кийин өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалган.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG