Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Өмүркулов: Исаковдун кетишине саясий тиреш себеп болду


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Сапар Исаков жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушун колдогон себебин “Азаттыкка” түшүндүрдү. Ал ушул окуяга бүгүнкү кырдаал алып келгенин, мындан ары тирешүү токтошу керектигин айтты.

-Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин туруктуулугу турат. Мындай кырдаалда бири-бири менен тирешкени - ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз, парламент, президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимди колдоп, токтом кабыл алды. Аны депутаттардын 102и колдоду.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүнбаевди Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси кылып дайындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG