Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

Ошто терезе чыгаруучу кыргыз-өзбек ишканасы ачылды


Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов заводдун ачылышында.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов заводдун ачылышында.

Ош шаарында пластик терезе чыгаруучу биргелешкен кыргыз-өзбек "Имзо” заводу ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Ишкананын ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты.

Өзбекстандык “Имзо” компаниясынын директору Аброр Ганиевдин айтымында, ишкананын Ош шаарындагы филиалында 70ке жакын жумушчу иштейт. Завод айына 9 миң чарчы метр өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар, учурда айына 2 миң чарчы метр пластикалык терезелерди чыгара баштады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачмак болгон. Алардын төртөө Ошто, калгандары Бишкек менен Кара-Балтада ачылмак. Жети ишкана "биргелешкен кыргыз-өзбек" деген макамда иш жүргүзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG