Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:59

Исаков: Кытай элчиси ЖЭБ боюнча талкууга капа болду


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Өкмөттүн бир жылдык отчетун угуу учурунда «Республика – Ата Журт» фракциясынын жетекчиси Жыргалбек Турускулов ЖЭБди моденизациялаш үчүн берилген 386 миллион доллар максаттуу сарпталбаганын сындады.

Премьер-министр Сапар Исаков суроого жооп берип жатып, долбоор ал кызматка шайлана электе бүткөнүн айтты:

- Иликтөө бүтө электе катуу айтпай туралы. Анткени Кытай бизди карап турат. Бул жерде тышкы иштер министри отурат. Мен ачык айтышым керек, бул кишиге Кытайдын элчиси келип абдан катуу айткан. Ал "Бээжин бул тууралуу көп айтылганына, парламентте дискуссия болуп жатканына түшүнбөй жатат" деген. “Биз түшүнбөй жатабыз, бизди эмнеге капа кылып жатасыңар?” деген ал. Бул айтканымды Эрлан Бекешович (тышкы иштер министри-ред;) тастыктай алат, - деди Сапар Исаков.

Буга чейин УКМК Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалганын кабарлаган.

Быйыл 26-январда ЖЭБде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин кытайлык TBEA компаниясы жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG