Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалганы тууралуу Интернетке тараган маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады:

- Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн.

Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. УКМК бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде сот, укук коргоо жана милициядагы коррупцияны жоюу чечими кабыл алынган.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев буга чейин камакка алынып, соттолгон. Ал Самаковдорго ишти жабуу жөнүндө убада берип, алардан 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG