Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Астанада Айтматов тууралуу китеп жарык көрдү


“Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” китеби.
“Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” китеби.

Публицист, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” деген китеби Казакстандын Астана шаарындагы “Гылым” (“Наука”) басмаканасынан басылып чыкты. Бул тууралуу автор өзү “Азаттыкка” билдирди.

Китепте кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндалат. Анын жеке жашоосу, адабият дүйнөсү жана саясий көз караштары Советтер Союзу менен байланышта каралат.

Профессор Осмонакун Ибраимовдун китебинде Айтматов чоң мекени деп санаган СССРге мамилеси бир жактуу болбогонун, жазуучу Советтер Союзун жакшы көрүү менен бирге, көңүлү да иренжигенин ачып берет. Ибраимов улуу калемгер совет автократиясына болгон сын көз караштарын чыгармаларында образдуу код, шифрлер менен, символизм, миф жана уламыштар менен бергенин сүрөттөйт.

Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналып чыккан китеп Эл аралык түрк академиясынын Астанадагы штаб-квартирасынын колдоосу астында жарык көрдү.

Автор билдиргендей, китептин ачылышы жакынкы күндөрү Астанада өтөт. Ошондой эле чыгарманын бет ачары 30-апрелде Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG