Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Кадыров Путиндин президенттик мөөнөтүн узартууну сунуш кылды


Кадыров президенттик шайлоодо добуш берип жаткан учур. Грозный шаары, 18-март, 2018-жыл.
Кадыров президенттик шайлоодо добуш берип жаткан учур. Грозный шаары, 18-март, 2018-жыл.

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров орус лидери Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Ал "Интерфакс" агенттиги менен болгон маегинде Кытайда Си Цзиньпиндин лидерлик кызматта узак убакытка калышына жол ачылганын, Германияда канцлер Ангела Меркел төртүнчү жолу канцлер болуп шайланганын мисал келтирди.

Кадыров Орусиянын парламенти Путин өзү каршы болсо да, анын президенттик мөөнөтүн узартуу тууралуу маселени референдумга коюшу керек экенин айтты.

"Азыркы президенттин саламаттыгы жакшы болуп турганда биз башка мамлекет башчы тууралуу ойлонбошубуз керек", - деди Кадыров.

18-марттагы президенттик шайлоону 76 пайыздык көрсөткүч менен жеңип чыккан Путиндин инаугурациясы 7-майга белгиленген. 65 жаштагы Путин 2000-жылдан бери Орусияны башкарып келатат. Ал 13 жыл президент, төрт жыл өкмөт башчы болуп иштеди.

2008-жылдын декабрь айында ал учурдагы президент Дмитрий Медведев "Орусиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюп, ага ылайык президенттик мөөнөтү төрт жылдан алты жылга узартылган.

XS
SM
MD
LG