Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Тогуз-Тородогу окуя боюнча кылмыш иши козголду


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда тургундар "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп салышты.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда тургундар "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп салышты.

Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлиги маалымдады. Ага ылайык, козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Тогуз-Тородо кырдаал толугу менен милициянын көзөмөлүндө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймакта кырдаал тынч экенин ал жакта жашагандар өздөрү да билдирип жатышат.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганы маалымдалган. Ал күнү тартипти сактоого 80 милиция тартылган.

Бул окуяга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисовду өкмөт башчы Сапар Исаков кызматтан бошотту. Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жөнгө салуу зарыл экенин айтып чыгышкан. Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук ИИБнын жетекчисинин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. (ZKo)

Тогуз-Тородогу акцияда имараттар өрттөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG