Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Жамал Сейдакматовага атайын сыйлык берилет


Жамал Сейдакматова "Азаттыктын" студиясында. 2016-жыл, май.
Жамал Сейдакматова "Азаттыктын" студиясында. 2016-жыл, май.

Кыргызстандын Эл артисти Жамал Сейдакматовага атайын сыйлык берилет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, атайын сыйлык "Кыргыз кинематографиясына кошкон салымы үчүн" деп аталат.

"Туңгуч" театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова Совет доорунан бери кинодо жана театрда ондогон ролдору менен элге таанылган.

"Кыргыз кинематографиясына кошкон салымы үчүн" сыйлыгын буга чейин Геннадий Базаров, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев жана Кадыржан Кыдыралиев алган. (SE)

XS
SM
MD
LG