Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш берилди


Премьер-министр Сапар Исаков тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн бир нече кызматкерге катуу сөгүш жарыялады.

Буга Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча мекеме аралык комиссиянын корутундусу негиз берген.

Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго, өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кечээ ушул эле комиссиянын корутундусунун негизинде өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Улуттук энергохолдингдин" уставына ылайык чыгарган чечимдин жана иштен кетүү тууралуу жазган өз арызынын негизинде Калиевди кызматтан бошоткон.

Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мурда ал жетекчинин орун басары болгон.

Калиев бул кызматка 2016-жылдын январында келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG