Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Германия: бир нече аэропортто иш таштоо өтүп жатат


"Lufthansa" авиакомпаниясынын учактары, 31.03.2014
"Lufthansa" авиакомпаниясынын учактары, 31.03.2014

Германиянын бир катар шаарларында аэропорт кызматкерлери иш таштап, жүздөгөн аба каттамдары токтотулду. Жумушчулардын укугун коргогон Ver.di профсоюздук уюму мамлекеттик сектордо эки миллиондон ашуун жумушчулардын айлык акысын 6% же 200 долларга көтөрүүнү талап кылып жатат. Каттамдар негизинен Франкфурт, Кёльн, Мюнхен жана Бремен аэропортторунда токтоп турат. "Lufthansa" авиакомпаниясы 1600 каттамынын теңин токтотууга аргасыз болгонун маалымдады.

Иш таштоо 13-апрелге чейин уланаары айтылууда. Андан соң Потсдам шаарында профсоюздар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өтөт. Буга чейинки эки жолку сүйлөшүү эч натыйжа берген эмес.

XS
SM
MD
LG